7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ШКУнун илимий лагери үчүн Өзбекстандын делегациясы келди

235

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери өтөт. Ага катышуу үчүн өлкөгө Өзбекстандын делегациясы келди.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, делегациянын курамында 15 окуучу жана 2 профессор бар. Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан министрликтин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов тосуп алды.

Лагердин максаты – ШКУга мүчө мамлекеттердин мектеп окуучуларынын ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү, илимий кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен жаңы демилгелерди өнүктүрүү.

Иш-чара Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулууда.

236