Талас облусунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 200 жана андан жогору упай топтогон 63 бүтүрүүчүгө 50 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Маалым болгондой, сыйлоо аземи президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулду. Сыйлыктар таланттуу жаштарды колдоо максатында «Альянс-Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу менен берилди.
Президенттин өкүлү Эрмат Джумаев билим берүү жана жаштарды колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, билимге салынган инвестиция өлкөнүн келечегине жасалган эң маанилүү салым экенин айтты.
Белгиленгендей, бул демилге таланттуу жаштарды шыктандырып, коомдо билимдин кадыр-баркын жогорулатууга багытталган.



