7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев: Бишкек, Ош жана Манаста 36 жаңы мектеп быйыл пайдаланууга берилет

225

Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан 36 ири мектеп быйыл жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте 20, Ошто 10 жана Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүүдө. Бишкектеги жаңы мектептер 550дөн 1200гө чейин окуучуга ылайыкталса, Ош шаарындагы 10 мектеп 50 миң баланы окуу орундары менен камсыздайт.

Министр белгилегендей, учурда өлкө боюнча курулуп жаткан 540 объекттин басымдуу бөлүгүн билим берүү мекемелери түзөт. Алардын 200гө жакыны мектеп, 50дөн ашыгы бала бакча.

Нурдан Орунтаев быйыл курулуп жаткан объектилердин 200гө жакынын пайдаланууга берүү пландалып жатканын кошумчалады.

226