Москва районунун Ак-Суу капчыгайында 200 орундуу көп функционалдуу курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору даярдалды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Жаңы тоо курорту деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашып, бир убакта 200 конокту кабыл алууга ылайыкташат.
«Анын курамына 3 мейманкана жана 4 апарт-отель корпусу, 9 өзүнчө коттедж жана 9 конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс жана универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы бар заманбап спа-борбору кирет», — деп айтылат маалыматта.
Объектти долбоорлоодо тоолуу аймактын табигый рельефи, климаттык шарттары жана курулуштун жаратылыш ландшафты менен шайкеш айкалышуусу толук эске алынган.