7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2027-жылдан баштап Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды колдонууга чектөөлөр киргизилет

7

Кыргызстанда айрым пластик калдыктарын  жана полиэтилен баштыктардын жүгүртүүсүн чектөө иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдан тарта Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу аймактарда мындай чектөөлөр киргизилген. Ал эми 2027-жылдан баштап полиэтилен баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга толук тыюу салуу пландалууда.

Кыргызстанда мамлекеттик саясаттын алкагында пластик калдыктарын азайтуу жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында полимердик пленкалардын жүгүртүлүшүн чектөө иштери этап-этабы менен ишке ашырылууда.

Адистердин эскертүүсүнө ылайык, пластик калдыктары жаратылышта 400дөн 700 жылга чейин, ал эми кадимки полиэтилен баштыктар 100дөн 200 жылга чейин чирибей турат.

«Алар микро- жана нано-бөлүкчөлөр түрүндө тамак-аш, суу жана аба аркылуу адамдын организмине кирип, ден соолукка олуттуу коркунуч жаратууда», — деп айтылат маалыматта.

8