7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жерди чет элдик инвесторлорго 50 жылга берүү: жаңы мыйзамбы же эски нормабы?

37
Чет өлкөлүк инвесторлорго жерди 50 жылга чейин пайдаланууга берүү: жаңы нормабы же буга чейин эле бар болгон укуктук практикабы? Бул тууралуу пикирин Мирлан Жеенчороев фейсбукка жазды.
«Акыркы күндөрү Министрлер Кабинети коомдук талкууга алып чыккан «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейинки мөөнөткө пайдаланууга берүү тартибин өркүндөтүүнү көздөйт. Бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Ошондуктан мыйзам долбоорунун маңызын укуктук жана тарыхый өңүттөн карап чыгуу зарыл деп эсептейм. Биринчи кезекте белгилей кетүүчү жагдай – жер тилкелерин чет өлкөлүк инвесторлорго узак мөөнөткө пайдаланууга берүү Кыргызстандын мыйзамдарында жаңыдан пайда болгон норма эмес.
Мындай укуктук механизм өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы жылдарда эле мыйзамдарда каралган. Тактап айтканда, 34 жыл мурун 1992-жылдын 6-мартында кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзамда жер концессиянын объектиси катары аныкталып, аны узак мөөнөткө (50 жылга чейин) пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү бекитилген. ( Жогорку Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкулов жетектеген, Президент Аскар Акаев тарабынан кол коюлган). Кийинки жылдары бул мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, бирок жер тилкелерин берүү мөөнөтү өзгөрүүсүз калган. Тиешелүү өзгөртүүлөр 2003-жылдын 8-мартында, 2004-жылдын 11-июнунда жана 9-декабрында (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны, Төрага Абдыганы Эркебаев, Президент Аскар Акаев), 2008-жылдын 17-октябрында (Жогорку Кеңештин Төрагасы Айтибай Тагаев, Президент Курманбек Бакиев) жана 2013-жылдын 30-июлунда (Төрага Асылбек Жээнбеков, Президент Алмазбек Атамбаев) кабыл алынган.
Андан кийин, 27 жыл мурун 1999-жылдын 2-июнунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде мөөнөттүү жер пайдалануунун эң жогорку мөөнөтү 50 жыл деп белгиленип, чет өлкөлүк жактарга жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Жер кодекси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан, анын Төрагасы Үсүп Мукамбаевдин жетекчилиги астында кабыл алынып, Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан, анын Төрагасы Абдыганы Эркебаевдин жетекчилиги астында жактырылып, Президент Аскар Акаев тарабынан кол коюлган
Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарда да мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен 50 жылга чейинки мөөнөткө долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындан 17 жыл мурда Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» алкактык Мыйзамы кабыл алынган, ал эми 2012-жылы анын кеңейтилген жана кыйла деталдаштырылган жаңы редакциясы кабыл алынган. Мыйзамдын 1-беренесинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн объекттерди, анын ичинде инфраструктуралык объекттерди түзүү жана эксплуатациялоо боюнча 50 жылга чейинки мөөнөттөгү узак мөөнөттүү өз ара аракеттенүүсү катары аныкталган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан, анын Төрагасы Асылбек Жээнбековдун жетекчилиги астында кабыл алынып, Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан кол коюлган. Демек, бүгүн талкууланып жаткан мыйзам долбоору жерди 50 жылга чейин пайдалануу боюнча жаңы принципти киргизбейт. Тескерисинче, буга чейин колдонулуп келген механизмдерди тактап, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мыйзам долбоорунун негизги жаңычылдыгы – жер тилкелерин берүүнүн этаптуу системасын киргизүү болуп саналат. Биринчиден, инвесторго жер участогу алгач 10 жылдык мөөнөткө берилет.
Экинчиден, инвестор инвестициялык келишим боюнча алган милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарган учурда пайдалануу мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат.
Үчүнчүдөн, долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан жана жер участогун андан ары пайдалануу зарыл болгон учурда мөөнөт 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Башкача айтканда, мамлекет жерди дароо эле 50 жылга бербейт. Ар бир кийинки этап инвестордун өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруусуна түздөн-түз байланыштуу болот. Бул мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого жана инвестициялык долбоорлордун иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылууга багытталган кошумча кепилдик болуп саналат.
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү инвестиция тартуу боюнча күчтүү атаандаштык шартында жашап жатканын да унутпашыбыз керек.
Ыңгайлуу ченемдик-укуктук чөйрөнү түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүү салык системасын калыптандыруу жана инвестицияларды коргоонун ишенимдүү механизмдерин камсыз кылуу бул атаандаштыктын негизги шарттарынын бири болуп саналат. Бул атаандаштыктын негизги максаты – чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу аркылуу жаңы өндүрүштөрдү ачуу, заманбап технологияларды алып келүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эң башкысы жаңы жумуш орундарын түзүү.
Мисалы, Казакстан 2018-жылы эле англиялык укуктун принциптерин колдонгон атайын финансылык аймакты түзгөн. Кыргыз Республикасы 2025-жылдын июль айында англиялык укуктун принциптерин колдонгон атайын финансылык аймакты түзүү боюнча мыйзамдарды кабыл алып, 2026-жылдын июль айында анын расмий ишин баштаган. Өзбекстан да ушул жылдын июль айында атайын финансылык борбор түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алды. Креативдүү экономика тармагында Кыргызстан 2026-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, сектордун катышуучуларын айрым салыктардан бошотууну жана салыктык жүктү беш жылдык мөөнөткө төмөндөтүүнү караган. Өз кезегинде Өзбекстан Креативдүү технологиялар паркынын катышуучуларын он жылдык мөөнөткө салыктардан бошотту.
Мындан тышкары, жакында жалпыга маалымдоо каражаттарында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси 2026-жылдын июнь айында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк инвесторлорго жер участокторун 49 жылга чейинки мөөнөткө берүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алгандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды. Казакстанда ушундай эле мүмкүнчүлүк 2003-жылдан бери Казакстандын Жер кодексине ылайык колдонулуп келет.
Ошондуктан бул мыйзам долбоору боюнча талкуу эмоцияларга эмес, укуктук ченемдерге, экономикалык эсептерге жана улуттук кызыкчылыктарга негизделиши керек.
Коомдук талкуу аяктагандан кийин мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет. Парламенттин милдети – сунушталган ар бир норманы кылдат жана ар тараптуу талдап, анын мамлекеттин кызыкчылыктарына, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн инвестициялык атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө тийгизе турган таасирин терең баалоо.
Биздин негизги максат – жерибизди сактоо менен бирге инвестицияларды тартуу, экономиканы өнүктүрүү жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу болушу керек».
38