Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына билдирди.
“Эгемендик алгандан бери “Камбар-Ата -2” ГЭСинин жападан жалгыз бир агрегатын ишке киргизиптирбиз. Таңкыстык болгон энергияны өзүбүз суу менен камсыздаган кошуна өлкөлөрдөн алып келе жатыптырбыз. Бүгүн да алып жатабыз. Эмне деген уят иш. Суу башында туруп энергиясы таңкыс өлкөбүз. Себеби бир дагы чоң ГЭС салган эмеспиз.
Мен бүгүнкү күнгө чейин кошуна кесиптештеримден кыштын күнү энергия сурагандан уялам. Айла жок кыштын күнү энергия сатып алып жатабыз.
Бүгүнкү күндө беш жылдан бери баш-аягы 50гө жакын чакан жана орто ГЭСтерди ишке бердик. Дагы 50дөй ГЭС курулуп жатат. Бирок дагы деле дефицит болуп келген энергияны жаба элекпиз.
Себеби күндөн-күнгө, айдан-айга энергия талабы өсүп келе жатат. Завод-фабрикалар, соц обьектилер, үйлөр курулуп жатат. Кудай буюрса, алдыда дефицитти жабабыз деген планыбыз бар.
Ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Энергетика маселеси боюнча бүгүнтөн баштап энергетика министри жалпы коомчулукка күнүгө кенен маалымат берип турат»,- деп жазды өлкө башчы.



