7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт, келечекте өлкөбүздү туризм багат

176

Президент Садыр Жапаров туризм тармагынын өлкө экономикасы үчүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, 2020-2021-жылдары Кыргызстанга жылына 2-3 миллион турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жетти.

Мамлекет башчысы туристтердин көбөйүшү экономиканын өсүшүнө, өлкөнүн дүйнөгө таанылышына жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына шарт түзөрүн белгиледи.

«Туризм өлкөнүн ички дүң өнүмүнө салым кошуп, ар бир жарандын жашоо деңгээлин жакшыртууга таасир берет. Ошондуктан чет өлкөлүк конокторго жакшы мамиле жасагыла. Аларды жакшылап тосуп алышыбыз керек. Себеби ар бир турист ИДПга салым кошот. Бул деген сөз ар бир турист ар бир Кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп кетти деген сөз. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык курулушта иштегиңер келбесе дагы туристерди тосуп гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула»,- деп жазды өлкө башчы.

177