22-23-июлда Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
ТИМдин маалыматына ылайык, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү өтөт.
Тараптар кыргыз-беларусь кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, аны мындан ары өнүктүрүү багыттарын жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулашат.



