7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Никени каттоого арызды эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу берүүгө болот

177

Жарандар эми никени каттоого арызды түздөн-түз «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат.

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, жаңы санариптик кызмат мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Арыз берүүдө демилгечи тарап болочок жубайынын ИЖНин киргизип, Face ID аркылуу өздүгүн тастыктайт. Экинчи тарап да билдирүү алып, макулдугун берип, Face ID аркылуу идентификациядан өтөт.

Эки тарап электрондук кол тамга менен кол койгондон кийин арыз автоматтык түрдө Жарандык абалдын актыларын каттоо системасына жөнөтүлөт. Мындан ары жарандарга ЖААК бөлүмүнө алдын ала баруунун кереги жок, бардык процесс мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

178