Талас шаарында курулуп жаткан «Баластан» балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулуш иштери 70 пайызга аяктады. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери белгиленген график боюнча жүрүп жатат. Борборду Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өтө турган салтанаттуу иш-чаралардын алкагында, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда пайдаланууга берүү пландалууда.
Эрмат Джумаев белгилегендей, долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, 500гө жакын жаңы жумуш ордун түзөт.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс тогуз корпустан турат. Анда соода борборлору, кинотеатр, боулинг, балдар үчүн оюн аянтчалары, робототехника борбору, заманбап музей, фудкорт, конгресс-зал жана башка эс алуу жайлары жайгашат.
Долбоор толугу менен ишке берилгенден кийин «Баластан» комплекси Талас шаарынын маданий, эс алуу жана экономикалык жактан маанилүү борборлорунун бирине айланары күтүлүүдө.



