7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

MBusiness 31-июлдан 3-августка чейин убактылуу иштебейт

20

MBusiness колдонмосу банктын ички системаларын жаңыртууга байланыштуу 31-июлдан 3-августка чейин убактылуу жеткиликсиз болот. Бул тууралуу банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул күндөрү MBusiness тиркемеси жана анын веб-версиясы иштебейт. Ошондой эле 1-3-август аралыгында банктын Кыргызстандагы бардык кеңселери кардарларды кабыл албайт.

Банк кардарларга 31-июлдун саат 16:00гө чейин маанилүү төлөмдөрдү, контрагенттерге которууларды, кызматкерлердин айлык акысын жана салыктарды төлөп бүтүрүүнү сунуштайт. Ошондой эле керектүү көчүрмөлөрдү алдын ала сактап, төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн статикалык QR-кодду чыгарып алуу зарыл.

Мындан тышкары, SWIFT аркылуу которууларды 31-июлда саат 13:00гө чейин, ал эми кредиттик төлөмдөрдү саат 11:00гө чейин жүргүзүү сунушталат.

Эгерде кредит боюнча төлөмдүн мөөнөтү 1-4-августка туура келсе, аны 31-июлга чейин же техникалык иштер аяктагандан кийин 5-август саат 16:00гө чейин төлөөгө болот. Бул учурда кардардын кредиттик тарыхына терс таасир тийбейт жана туум эсептелбейт.

Ал эми MKassa сервиси кадимки режимде иштей берет. POS-терминалдар жана QR-код аркылуу төлөмдөр кабыл алынат. Бирок 31-июлдан тартып каражаттарды эсепке чыгаруу, толук көчүрмөнү жүктөп алуу жана жеткиликтүү балансты көрүү убактылуу мүмкүн болбойт.

Банк техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин бардык кызматтар толук көлөмдө кайра иштей турганын билдирди.

21