Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлердин мамлекеттик каттоо тууралуу мурда кагаз түрүндө берилген күбөлүктөрүн толугу менен санарип форматка өткөрдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, эми ишкерлер каттоо күбөлүгүнүн электрондук версиясын салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу каалаган убакта жүктөп ала алышат.
Белгиленгендей, бул жаңычылдык документ жоголгон учурда анын жоголгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя берүү талабын жокко чыгарат.
Салык кызматы жаңы кызмат ишкерлердин убактысын жана чыгымдарын үнөмдөөгө, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү мындан ары өнүктүрүүгө багытталганын билдирди.



