Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексине кол койду.
Кодекс 2026-жылдын 24-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кодекстин максаты соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын деңизге чыга албаган мамлекет катары эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык ачык деңизге жетүү жана деңизде эркин сүзүү укугун ишке ашыруу болуп саналат.
Кыргыз Республикасы 2024-жылдын 30-январындагы № 29 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга кошулду.
Кодекс экономиканын деңиз аркылуу ташууларга жана алар менен байланышкан жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын камсыз кылуу максатында соода үчүн деңизде сүзүүнүн укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Кодекстин эрежелери жана жоболору, эгерде улуттук мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн деңиз кемелерине алар деңиз жолдору менен сүзгөн учурда колдонулат.
Ысык-Көлдүн акваториясындагы ички сүзүү кемелери үчүн ушул кодекстин жоболору аларга тиешелүү бөлүгүндө колдонулат жана Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган коммерциялык эмес кемелер Кыргыз Республикасынын толук юрисдикциясында турат жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кармоого, камакка алууга жана соттук артынан түшүүгө каршы иммунитетти пайдаланат.
Кодекс “Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.



