7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чолпон-Атада ишкерди коркутуп акча талап кылгандар кармалды

20

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 6-августта жергиликтүү ишкерден акча талап кылган деп шектелген төрт адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ага ылайык, жергиликтүү ишкерден опузалап талап кылынган акча каражатын алып жаткан учурда, Чолпон-Ата шаарынын 1999-жылы туулган жашоочусу А.у.А. кылмыш үстүндө кармалган.

Дагы үч шектүү шериктеш: 2001-жылы туулган Д.у.К., 2001-жылы туулган М.Ш.М., 2000-жылы туулган А.Э.К. кармалды. Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, андан ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү («Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүүдө.

 

21