7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги базардан чыккан ири өрт өчүрүлдү

184

Түндө борбор калаадагы Орозбеков көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан «Көк-Сай» базарында чыккан өрттү алты бригада саат 9:06да өчүрдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Министрликтен билдиргендей, өрттүн кесепетинен цехтин ичинде турган сырье, ламинат, рейка, балка, атайын эшик терезе даярдоочу станоктор жана эски колдонулган эшик, терезелер күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө алты бригада менен катар эле Бишкек шаардык башкармалыгынан 46, милициядан 25 кызматкер чыккан. Андан сырткары, мэрияга караштуу ишканалардын суу ташуучу жети автоунаасы да пайдаланылган.

Учурда кырсык эмнеден чыкканы такталып жатат.

185