Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Каракол шаарындагы бир катар курулуш объекттерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр алгач реконструкцияланып жаткан Каракол шаардык тарыхый музейиндеги иштерди текшерип, андан соң эл аралык деңгээлдеги спорттук шаарчанын курулушунун жана борбордук сейил багындагы реконструкция иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди курулуш ченемдерине, техникалык талаптарга жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү үчүн курулуш иштерин графикке ылайык уюштурууну милдеттендирди.
Учурда Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районунда жалпы аянты 12 гектарды түзгөн заманбап спорттук шаарча курулууда. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорттук интернат, эл аралык стандарттагы көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулуп жатат.
Мындан тышкары, Каракол шаардык тарыхый музейинин реконструкциясы үстүбүздөгү жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Учурда үч корпустан турган музей имаратынын ички бөлүгү толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары заманбап талаптарга ылайык модернизацияланууда. Объект тарыхый-маданий мурас болуп саналгандыктан, анын баштапкы архитектуралык мааниси сакталууда.
Ошондой эле министр Каракол шаарынын борбордук сейил багындагы реконструкция иштеринин соңку этабын текшерди. Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бакта жаңы аттракциондор орнотулуп, коомдук тамактануу объектилери курулуп, жашоочулар жана шаар коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.
Иш сапардын соңунда министр Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан башкы суу алуучу курулманын, ичүүчү суу резервуарларынын жана башка инфраструктуралык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле объекттердеги курулуштун жүрүшү жана аткарылып жаткан иштер текшерилди.



