7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: Ысык-Көлдө селден коргоочу курулмалар салынууда

16

Кечээ, 9-августта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көлдө салынып жаткан селден коргоочу курулмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка ылайык, Темир айылында сел суулары үчүн 2040 метрлик Арчалуу каналы курулуп жатат. Анда 11 ички тосмо болот. Курулмалар түшкөндөн кийин сел 200дөн ашуун турак жайга, ички жолдорго жана Бишкек — Каракол жолунун 600 метрлик бөлүгүнө коркунуч жаратпай калат.

Кашат айылында Чоң-Ак-Суу суусунун эки жээги бекемделип жатканы айтылды. Иштер турак үйлөрдү бойлой кеткен 1000 метр жерде жүрүүдө. Бул аракет там-ташты, конок үйлөрдү, жемиш бактарын жана Бишкек — Каракол жолунун 200 метрлик бөлүгүн суу каптоодон сактайт.

 

17