7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Түндүк-Чыгыш» жана «Түндүк» темир жол бажыларында маалыматтык стенддер орнотулду

228

«Түндүк-Чыгыш» бажысында жана “Түндүк” темир жол бажыларында маалыматтык стенддер орнотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, такталар “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасы тарабынан тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын утилизациялык жыйымды төлөө тартиби боюнча маалымдоо иштеринин алкагында орнотулду.

Маалыматтык стенддерде төмөнкү маалыматтар камтылган:

  • утилизациялык жыйымды төлөө тартиби;
  • утилизациялык жыйым төлөнүүгө тийиш болгон товарлардын тизмеси;
  • тиешелүү ченемдик-укуктук актылар тууралуу маалымат;
  • кошумча консультация алуу үчүн “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасынын байланыш маалыматтары.

Эми темир жол бажысына товарларын бажылык жол-жоболоштуруу үчүн келген жарандар, бардык керектүү маалыматтар менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

229