Бүгүн айрым адамдардын негизги куралы — элдин көйгөйүн чечүү эмес, элдин ачуусун күчөтүү болуп калды. Камеранын алдында катуу сүйлөө, бийликти жамандоо, ар бир окуядан чоң чатак издөө — бул дагы саясат. Бирок бул мамлекетти башкаруу эмес. Мындай пикирин юрист — практик, саясий социялогияны изилдөөчү Канат Хасанов фейсбук баракчасына жазды.
“Менин суроом жөнөкөй: Сын айтып жатсаң — чечимиң кайда? Айыптап жатсаң — далилиң кайда? Элдин көйгөйүн көтөрүп жатсаң — аны чечүүнүн жолу кайда? Президентти сындаса болот. Бийликти сындаса болот. Менимче, бийликти сындаган коом күчтүү болот. Бирок ар бир сын чындыкка, фактка жана жоопкерчиликке таянышы керек. Элди “баары сатылып кетти”, “баарын бир үй-бүлө башкарып жатат”, “өлкө бүттү” деген сыяктуу эмоционалдуу сөздөр менен улам-улам дүрбөтүү оңой. Бирок мындай сөздөрдүн артында конкреттүү факт болбосо, бул саясий жоопкерчилик эмес — популизм.
Кыргызстан буга чейин эле жетиштүү бөлүндү. Революцияларды көрдүк. Кан төгүүнү көрдүк. Бийлик алмашкан сайын экономикабыздын кандай жабыркаганын көрдүк. Ошондуктан бүгүн кимдир бирөө коомго кайрадан жек көрүү, ишенбөөчүлүк жана кастык таратып жатса, эл анын сөзүнө эле эмес, максатына жана сунуштаган жолуна да карашы керек. Өзгөчө коомдук пикирге таасир эткен адамдарга суроо чоң: Кыргызстанга сиз сунуштап жаткан жол кайда алып барат? Туруктуулуккабы же башаламандыккабы? Өнүгүүгөбү же кайрадан көчөгө чыгууларгабы? Биримдиккеби же элди эки лагерге бөлүүгөбү?
Мен эч кимди душман деп жарыялоону сунуштабайм. Кыргызстанда ар кимдин өз пикири болушу керек. Бирок популизмди мекенчилдик менен чаташтырбайлы. Мекенчил адам мамлекеттин кемчилигин көрөт -бирок аны оңдоонун жолун да сунуштайт. Мекенчил адам бийликти сындайт — бирок мамлекеттин өзүн каралабайт. Мекенчил адам факт издейт — ушак эмес. Мекенчил адам элдин эмоциясын пайдаланып рейтинг топтобойт — элдин келечеги үчүн жоопкерчилик алат. Ошондуктан ким болбосун — журналистпи, блогерби, саясатчыбы, коомдук активистпи — сөзү үчүн жооп берүүгө тийиш. Эгер бийлик күнөөлүү болсо -факт менен далилдегиле. Эгер коррупция болсо — документти көрсөткүлө. Эгер кылмыш болсо — мыйзамга кайрылгыла.
Ал эми жөн гана элдин ачуусун күчөтүп, мамлекетке болгон ишенимди талкалоо менен эч кандай көйгөй чечилбейт. Кыргызстанга кыйкырык эмес, акыл керек. Бөлүнүү эмес, биримдик керек. Популизм эмес, жоопкерчилик керек. Куру айыптоо эмес, факт керек. Биз саясатчылардын артынан сокур ээрчиген эл болбошубуз керек. Ким туура айтса — колдойлу. Ким туура эмес болсо -сынга алалы. Бирок Кыргызстанды эч кимдин жеке саясий күрөшүнүн куралына айлантпайлы. Мамлекет — бирөөнүн жеке менчиги эмес. Кыргызстан — баарыбыздын мекенибиз.” – деп билдирген ал.



