7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванда газоблок заводу курулууда

8

Араван районунда 1 миллиард сомдук газоблок заводу курулууда. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, завод курулуп бүтсө 70 жумуш орду түзүлөт. Ал жылына 300 миң куб метр газоблок өндүрүү кубаттуулугуна ээ болот. Газоблок өндүрүү үчүн керектүү чийки заттын 90 пайызы өлкөнүн түштүк аймактарындагы жергиликтүү кендерден алынат. Курулуш иштери быйылкы жылдын аягында аяктайт деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев заводдун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

9