Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 9,45–15-чакырым аралыгындагы 5,3 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жумуштар белгиленген графикке ылайык жана сапат талаптары сактоо менен аткарылды.
Жолдун бул бөлүгүнүн оңдолушу жергиликтүү тургундар үчүн каттамды жеңилдетип, айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртууга шарт түзөт.




