Караколго жакын жерде 18-августта саат 2:21де күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Көөлү-Тоо кырка тоосунун аймагында: Майлы-Саз айылынан 22 километр түштүк-батышта, Каракол шаарынан 52 километр түштүк-чыгышта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.



