7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тез жардам унаасы менен автоунаа кагылышты

187

Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жеке менчик тез жардам кызматына таандык унаа менен Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа кагылышты.  Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча тез жардам унаасы Ахунбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй, ал эми Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан. Тез жардам унаасынын айдоочусунун билдирүүсүнө ылайык, Subaru Outback үлгүсүндөгү автоунаа жол чырагынын сары белгисине өтүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасында ооруканага жеткирилип бара жаткан бир жаран жаракат алган. Жабырлануучу башка тез жардам унаасы менен медициналык мекемеге жеткирилген. Бактыгы жараша, каза болгондор жок.

Учурда жол-транспорт кырсыгынын бардык жагдайлары жана келип чыгуу себептери такталууда.

 

 

188