7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаардык кеңешинин депутаты пара талап кылууга шектелип кармалды

148

Ош шаарында бала бакчага жумушка орноштуруу үчүн 25 миң сом пара талап кылган деген шек менен «Жибек» балдар бакчасынын жетекчиси кармалды. Ал Ош шаардык кеңешинин учурдагы депутаты экени маалымдалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта 1988-жылы туулган шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал «Жибек» балдар бакчасына тарбиячы болуп жумушка орношуу үчүн мекеменин жетекчиси Ч.З. 25 миң сом талап кылганын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, акчаны толук төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан. Бирок жетекчи башка талапкерлер бар экенин айтып, акча төлөгөн учурда гана жумушка кире аларын билдирген.

Натыйжада арыз ээси алгач 20 миң сомду мобилдик банкинг аркылуу которуп, калган 5 миң сомду айлык алгандан кийин жетекчинин иш бөлмөсүндө бергенин билдирген.

Бул факты боюнча «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 17-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

149