7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмдөө тууралуу сертификатты эми «Түндүктөн» алууга болот

17

«Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги «Эмдөө тууралуу сертификат» кызматы кеңейтилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрликтен билдиришти.

Ага ылайык, эми жарандар COVID-19га каршы эмдөөдөн тышкары, бардык катталган профилактикалык эмдөөлөрү тууралуу электрондук сертификат ала алышат. Сертификат министрликтин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт. Анда вакцинанын аталышы, дозасы, эмделген күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү көрсөтүлөт.

Документ кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болуп, анын аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө болот. 18 жашка чейинки балдардын сертификатын ата-энелери өзүнүн «Түндүк» тиркемеси аркылуу ала алышат.

Сертификатты телефонго сактап, электрондук түрдө жөнөтүүгө же басып чыгарууга болот. Бул үчүн медициналык мекемеге барып, кагаз маалымкат алуунун зарылдыгы жок.

 

18