Кытай 20-августтан тарта Кыргызстандын жарандарына 240 саатка (10 сутка) чейинки визасыз транзитке жана Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук иммиграция башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат.
Маалымдалгандай, кыргызстандыктар Кытай аркылуу башка өлкөгө бара жатканын тастыктаган билети, так маршруту болсо 240 саатка чейин (10 сутка) визасыз жүрө алышат. Бул режим Кытайдагы 65 өткөрмө пункт аркылуу, анын ичинде Пекин жана Шанхайдагы пунктулар аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Хайнань провинциясынын ачык порттору аркылуу кирип, анын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө жол ачылды.
Эки визасыз режимдин алкагында кыска мөөнөттүү сапарларга, анын ичинде төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- туризм;
- ишкердик сапарлар;
- туугандарга баруу;
- жеке сапарлар.
Ошол эле учурда визасыз режим алдын ала макулдашууну талап кылган ишмердүүлүккө жайылтылбайт. Чынында, жумуш, окуу жана журналисттик ишмердүүлүк үчүн тиешелүү Кытай визасын алдын ала алуу зарыл.
NIA маалымдагандай, Кыргызстандын жана Вьетнамдын жарандарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши менен Кытайдагы 240 сааттык визасыз транзит режимин пайдалана алган өлкөлөрдүн саны 57ге, ал эми Хайнанга 30 күнгө визасыз кирүү укугу бар өлкөлөрдүн саны 61ге жетти.
Кытай тарап бул кадамды коңшу өлкөлөр менен байланышты, туризмди, сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүүгө багытталган чара катары баалады.



