7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык мерт кетти

4

Казакстандын Караганда облусунда болгон жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза болуп, бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-августта Шет районунун аймагында болгон. Анын кесепетинен 63 жаштагы И.Г.В. жана 52 жаштагы Е.Е.Ю. окуя болгон жерден каза тапкан. Маркумдардын сөөгүн туугандары алып кетишкен.

Ал эми 60 жаштагы дагы бир жаран ар кандай жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал дарылануусун улантууда.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабыркаган жарандын жакындары, дарыгерлер жана тиешелүү органдар менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

5