Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарын «Унаасыз бир күн — велосипед менен жумушка!” аталышындагы масштабдуу экологиялык челленджине катышууга чакырды.
Челлендж ар аптанын жума күндөрү өтүп, 5-октябрга чейин уланат. Алгачкы старт 28-август күнү берилет. Эң активдүү катышуучуларга сыйлыктар берилет. Ал эми баш байге велосипед.
Челленджге кантип катышуу керек?
- Бир күнгө унаадан баш тартып, жумушка велосипед менен келиңиз;
- Велосипед менен түшкөн сүрөтүңүздү же кыска видеоңузду (атайын жасалган рамка менен) социалдык тармактарга жарыялаңыз. Рамканы жүктөп алуу үчүн төмөндөгү шилтемеге кириңиз: https://oshcity.gov.kg/…/unaasyz-bir-k%d2%afn…/;
- Хэштегдерди белгилеңиз: #УнаасызБирКүн #ОшВелосипедте #ВелосипедМененЖумушка #ОшШаары #УнааданБашТарт;
- Постуңузга 2-3 кесиптешиңизди же досуңузду белгилеп, челленджди улантууга чакырыңыз.



