Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Асман Парк» оюн-зоок борборундагы реконструкция жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, учурда объекттеги иштердин 90 пайыздан ашыгы аткарылды. Парктын аймагына 500дөн ашык көчөт жана декоративдүү дарак отургузулду. Жакынкы аралыкта дагы ушундай эле сандагы көчөттөрдү отургузуу пландалууда.
Учурда аймакка топурак төгүү, газон себүү, асфальт төшөө жана көрктөндүрүү иштери уланууда.
Реконструкциянын алкагында эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар жана көңүл ачуучу аянтчалар түзүлөт.
Парктын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — бийиктиги 92 метрден ашкан «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик аттракцион катары белгиленүүдө.



