7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте тик учак конуучу аянтчасы бар жаңы травматология борборунун курулушу аяктоодо

2

Бишкекте жаңы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун курулушу уланууда. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери менен катар сырткы дубалдары да капталууда.

Жаңы оорукананын өзгөчөлүгү — сегизинчи кабатындагы тик учак конуучу аянтча. Ал санитардык авиация аркылуу жеткирилген бейтаптарды тез кабыл алып, аларды лифт аркылуу түз эле операциялык бөлүмдөргө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жалпы аянты 35 миң чарчы метрге жакын болгон медициналык борбор 5 блоктон жана 8 кабаттан турат. Анда 235 палата, 12 лифт жана жер төлөдө унаа токтотуучу жай болот.

Ошондой эле ооруканада автоматташтырылган кычкылтек системасы орнотулат. Учурда желдетүү, сантехника, электр жана өрткө каршы системалар тартылууда.

Медициналык борборду жыл аягына чейин толук пайдаланууга берүү пландалууда.

3