Кант шаарынын айланма жолунда унаа башкаруу укугунан ажыратылган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгүн үйүндө калтырып кеткенин билдирген. Бирок кызматкерлер анын буга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгын аныкташкан.
Айдоочуга тиешелүү чаралар көрүлүп, унаа айып короого киргизилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



