Кыргызстан боюнча 30-августка карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түндө +14…+19
күндүз +32…+37
Талас облусу
түндө +10…+15
күндүз +28…+33
Баткен облусу
түндө +17…+22
күндүз +32…+37
Ош, Жалал-Абад облустары
түндө +17…+22
күндүз +32…+37
Ысык-Көл облусу
түндө +11…+16
күндүз +24…+29
Нарын облусу
түндө +6…+11
күндүз +25…+30
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан согуп, секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү температурасы +17…+19°, күндүзгү температура +33…+35° болот.
Чолпон-Атада кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Шамал батыштан согуп, секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү температурасы +13…+15°, күндүзгү температура +24…+26° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 28-августта күндүз +23,5°, ал эми 29-августта эртең менен +21,5° болду.



