7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирзиёев: Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөтүүдө

37

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз алдында өлкөдө туруктуу өсүштү камсыз кылууга багытталган системалуу жана кеңири масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында боордош Кыргызстан бүгүн экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөтүп жатканы бизди өзгөчө кубандырат.

Сиз тарабынан көтөрүлгөн аймактык жана дүйнөлүк маанидеги бир катар маанилүү демилгелер эл аралык коомчулук тарабынан татыктуу колдоого алынып жатканын да өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет. Мындай ири жетишкендиктердин негизинде сиздин мамлекет башчысы катары натыйжалуу ишмердигиңизге жана мол практикалык тажрыйбаңызга таянган даанышман жана көрөгөч саясатыңыз турат.

Жакында ажайып кооз Чолпон-Ата шаарында өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарымдын алкагында жүргүзүлгөн жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүз жана жетишилген маанилүү макулдашуулар мамилелерибизди жаңы тарыхый баскычка – союздаштык мамилелер деңгээлине чыгарды.

Урматтуу Президент мырза! Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу аймактык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана өз ара ишенимди чыңдоого карай маанилүү кадам болгонун баса белгилегим келет.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 25-юбилейлик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенем. Бул маанилүү иш-чаралар өлкөңүздүн бай тарыхый-маданий мурасын жана меймандостук салттарын дүйнөгө кеңири таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Элибиздин ортосундагы кылымдардан бери келген достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да бекемделип, коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген кызматташтыгыбыз ырааттуу түрдө кеңейе берери талашсыз”, — деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, кажыбас күч-кубат жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана туруктуу өнүгүү каалады.

38