7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сиздин жетекчилигиңизде Кыргызстандын эл аралык позициясы бекемделүүдө. Путиндин куттуктоосу

174

Россиянын президенти Владимир Путин өлкө эгемендүүлүгүнө карата Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин куттуктады.

“Сиздин жетекчилигиңиз менен Кыргызстан алдында турган социалдык жана экономикалык милдеттерди ийгиликтүү чечип, эл аралык позициясын ырааттуу бекемдеп келе жатат.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда динамикалуу өнүгүүдө. Москва менен Бишкек ар түрдүү багыттар боюнча жемиштүү кызматташып, ЖККУ, ЕврАзЭШ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүдө.

Биз, албетте, эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча тыгыз биргелешкен ишибизди улантабыз. Бишкекте өтө турган алдыдагы жолугушуубуз өз ара пайдалуу орус-кыргыз кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө, Евразия мейкиндигиндеги коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Владимир Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

 

175