7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин: Кытай-Кыргызстан мамилесин жаңы деңгээлге чыгарууга даярмын

129

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өткөн 35 жылдын ичинде, айрыкча Сиздин беш жылдан ашуун убакыттан берки жетекчилигиңиздин алдында Кыргыз Республикасы мамлекет куруу жаатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Достук мамиледеги коңшу жана жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары кытай тарап бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берем. Былтыр Сиз менен үч ирет жолугуп, эки тараптуу мамилелер жана кызматташтык боюнча кеңири пикир алмаштык, өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктадык. Эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн Кытай менен Кыргызстандын тагдырлаш коомчулугун жаңы бийик деңгээлден түптөөгө карай Сиз менен биргелешип аракеттенүүгө даярмын.

Сиздин өлкөңүзгө өнүгүп-өсүүнү, ал эми элиңизге бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм”, — деп айтылат куттуктоодо.

130