7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Трамп Садыр Жапаровду жана кыргызстан элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

131

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Өткөн отуз беш жылдын ичинде Кыргыз Республикасы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекет катары өзүнүн өнүгүү жолун аныктап алды жана Америка Кошмо Штаттары Сиздерге өнөктөш жана достош болуп келатканына сыймыктанат.

Биздин өлкөлөр өз ара урматтоого, экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукка болгон жалпы умтулууга негизделген бекем мамилелерди курушту.

“С5+1” сыяктуу форматтардын, ошондой эле соода, инвестиция жана коопсуздук тармактарындагы өсүп жаткан кызматташтыгыбыздын аркасында, мамлекеттерибиз элдерибиздин гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуунун жаңы жолдорун таба беришет.

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын суверенитетин жана эгемендүүлүгүн мурдагыйдай эле бекем колдоп келет. Ушул маанилүү күндө мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктүн андан ары бекемделишине жана америкалык жана кыргыз элдеринин ортосундагы достуктун уланышына үмүтүмдү билдирем.

Ушул майрамга карата эң жакшы каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз”, — деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

132