7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрдоган: Жапаровдун аракети менен түрк мамлекеттер уюмундагы кызматташтык бекемделип жатат

39

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бизди жалпы тарыхый, тилдик, диний жана маданий баалуулуктар байланыштырган достук мамиледеги жана боордош Кыргызстан элинин эгемендүүлүктүн 35 жылында бардык тармактарда жетишкен ийгиликтерине сыймыктануу менен көз салып келем.

Сиздин баалуу салымыңыздын жана күч-аракетиңиздин аркасында эки жактуу мамилелерибиз, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы, анын ичинде Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыгыбыз жылдан-жылга тереңдеп, өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп жатабыз.

Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 29-30-октябрында Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун XIII саммитинде, ошондой эле 2026-жылдын 11-12-ноябрында Анталья шаарында өтө турган COP31 лидерлеринин саммитинде Сиз менен жолугушууга үмүттөнөм”, — деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү каалады.

40