7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

27

Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ынтымак Ордо» имаратынын алдында Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн.

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭРдин Биринчи айымы Пэн Лиюанды тосуп алышты.
Өз ара саламдашуу жана Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан соң мамлекет башчылары Ардак кароол ротасын кыдырып өтүп, тууга таазим кылышты. КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин ротага кайрылып: “Салам, аскер!” — деп саламдашты.

Андан кийин лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, Ардак кароол ротасынын салтанаттуу жүрүшүн көрүштү.
Азем аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана биринчи айымдар биргелешип сүрөткө түшүү үчүн “Ынтымак Ордо” имаратына бет алышты.

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жыйындар залына киришти.

28