7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Макрон: Франция-Кыргызстан ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүгүбүздү тереңдетүүгө умтулам

136

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Мен да сиз сыяктуу эле, акыркы жылдары жаңы багыттар менен толукталып, көп кырдуу болуп калган өнөктөштүгүбүздү мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулууларды колдойм. Мындан улам саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, шаардык кызматтар, тоо-кен тармагы, ошондой эле маданият, анын ичинде жакында Бишкекте Франк-немис маданий институтунун ачылышы сыяктуу өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү келечегин канааттануу менен белгилейм.

Мындан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу иш-чаралар, эң ириде, Кыргыз Республикасынын 2027-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мандаты кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 конференциясы эки өлкөбүзгө тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча биргелешкен ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп айтылат куттукоосунда.

137