Иран Ислам Республикасынын лидери Масуд Пезешкиан, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон Кыргызстанга жумуш сапары менен келди.
Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Өлкө жетекчилери «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келишти.
Президенттерге Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.



