7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров АКШ президентинин атайын өкүлү менен виза талаптарын жеңилдетүүнү сүйлөштү

18

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча атайын өкүлү, АКШнын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Серджио Горду кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Өзгөчө көңүл “Борбордук Азия + АКШ” (С5+1) форматынын алкагындагы кызматташтыкка бурулду. Буга байланыштуу тараптар 2027-жылы ушул форматта мамлекет башчыларынын экинчи саммитин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо контекстинде мамлекет башчысы Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына байланыштуу куттуктоосу үчүн элчи Серджио Горго ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана Кыргызстандын жана АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүдө жана өз ара кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө “В5+1” платформасынын ролу белгиленди.

Садыр Жапаров АКШга барууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык талаптарды жеңилдетүү зарылдыгына көңүл бурду. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча практикалык чечимдерди издөө, анын ичинде визалык депозитти (visa bond) төлөө талабы жана тиешелүү чектөөлөрдү кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Элчи Серджио Гор мамлекет башчысынын сунуштарын колдоп, кыргыз-америка мамилелерин чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трампка салам жолдоп, көчмөндөр оюндарына катышып жаткан америкалык спортчуларга ийгиликтерди каалады.

19