7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Лаостун президентинин алгачкы жолугушуусу өттү

17

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Садыр Жапаров бул жолугушуу өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенине токтолуп, Кыргыз Республикасы менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп жатканын айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен алакаларды чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Лаос Элдик-Демократиялык Республикасы менен эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдирди.

Тараптар ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга жана кыргыз-лаос кызматташтыгынын бекем пайдубалын түптөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин айтышты.

18