7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар ар кыл багыттардагы стратегиялык өнөктөштүк менен мүнөздөлгөн жана эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда активдүү өнүгүп жаткан кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилешти.

Соода-экономикалык жана инвестициялык, билим берүү, саламаттык сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жана башка багыттар сыяктуу келечектүү тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экени айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.

2