7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кырчынга жеке унаалар кирбейт, конокторду коомдук транспорттор ташыйт

227

Бүгүн 1-сентябрдан баштап Кырчын жайлоосуна баруучу жеке автоунааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Башка жолдордун бардыгы ачык, каттам жүрү жатат. Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз коомдук транспорт уюштурулду. Жарандар жеке унааларын төмөндөгү атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга токтотсо болот.

— Бает айылы, “Чайка” эс алуу жайы;
— Бактуу-Долоноту айылы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплекси;
— Григорьевка айылы, муниципалдык чарбанын короосу;
— Григорьевка айылы, мектептин спорт аянтчасы;
— Семеновка айылы, чарба короосу;
— Ананьево айылынын түштүк тарабы;
— Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.

Акысыз коомдук транспорт жогорудагы белгиленген бардык жерден кетет. Белгилей кетсек Кырчын жайлоосуна баруучу жол коомдук транспорт үчүн бир тараптуу уюштурулду. Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин бир багытта жүрүүгө болот.

Урматтуу коноктор белгиленген эрежелерди бузбай, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылып турган милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткарууга чакырабыз.

228