7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беш өлкөнүн биринчи айымдары «Ала-Арча» резиденциясына барышты

7

Бүгүн, 1-сентябрда биринчи айым Айгүл Жапарова «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиеваны, Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюанды, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоганды жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёеваны тосуп алды.

Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз элинин элдик декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлеринин эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышышты.

Экспозиция ардактуу конокторду кыргыз элинин бай маданий мурасы, өзүнө таандык салттары, кылымдарды карыткан чеберчилиги жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Ошондой эле кийизден жасалган буюмдар, салттуу тиричилик буюмдары, элдик чеберлердин эмгектери жана кыргыздын декоративдик-колдонмо өнөрүнүн ар түрдүүлүгүн чагылдырган башка эмгектер коюлду. Улуттук оймо-чиймелерге жана муундан муунга аяр сактоо менен өткөрүлүп келе жаткан салттуу кол өнөрчүлүккө өзгөчө көңүл бурулду.

Ардактуу коноктор үчүн концерттик программа да даярдалган. Чыгармачыл жамааттар жана аткаруучулар улуттук маданияттын сулуулугун, салттардын байлыгын жана кыргыз элинин меймандостугун чагылдырган музыкалык жана бий өнөрлөрүн тартуулашты.

8