2-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында акыл оюндары боюнча мелдештердин расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарада Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев спортчуларга ийгилик каалады.
Акыл оюндарынын алкагында мангала, овари жана тогуз коргоол боюнча мелдештер өтүүдө. Аларга 53 өлкөдөн 332 спортчу катышууда.
Мелдештер көчмөн элдердин интеллектуалдык жана маданий мурасын сактоо, улуттук оюндарды өнүктүрүү жана дүйнөлүк аренада жайылтуу максатында уюштурулган.



