VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Манас театры билдирди.
Маалыматка ылайык, айтыштын экинчи күнү бүгүн, 3-сентябрда саат 17:00дө, ал эми финалдык беттеши эртең, 4-сентябрда саат 13:00дө Кырчын жайлоосунда өтөт.
Кыргызстан жана Казакстандан келген төкмө акындар катышкан эл аралык айтышта акындар сөз тапкычтыгын жана чечендигин көрсөтүп, кыргыз-казак элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана бүгүнкү күндүн маанилүү маселелерин ырга салышты.



