Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда курулуш иштеринин 95%ы аяктады. Калган жумуштарга асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү кирет.
16 гектар аянтты ээлеген автобекеттин аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар болот.



