VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев оюндардын ийгиликтүү өтүшү менен жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул – жалпынын жеңиши экенин билдирди.
“Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди”, – Адылбек Касымалиев.
Жабылуу аземде VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки айлампасын өткөрүү Татарстан Республикасына берилди. Оюндардын символу катары суу толтурулган көөкөрдү Адылбек Касымалиевдин колунан Россия Федерациясынын спорт министри Михаил Дегтярев жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов алды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алты күнгө созулду. 106 өлкөнүн оюнчулары спорттун 42 түрү боюнча таймашты.



